www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- «Кумтөр кенине байланышы бар» деп камакка алынгандардын негизги максаты эмнеде деп ойлойсуз? Себеби, коомчулукта саясый шоу же саясый куугунтук сыяктуу кабыл алгандар болуп жатпайбы...

- Мен бул камоолорду саясый шоу же куугунтук дегенден алысмын. Кумтөр мафиясынын бети канчадан бери ачылбай келген. Кылым афёрасынын бетин ачууну өзүбүз талап кылып келдик. Азыр деле «ошонун бети ачылсын» деген ойдо баратабыз. Негизи 2012-жылы мен депутат кезде «бул маселеге чекит коюп, улутташтыралы» дегенде, 30дан ашуун эле депутат колдоого алган. Ал эми саясый лөктөрдүн камалышы боюнча сот болбогондон кийин эч нерсе айта албайм. Баарыбыз чыдап, тергөөнүн жүрүшүн күтүп турушубуз керек.

«Эл уулу» деп мактап чыккандар болуп атат, мүмкүн, алар чын эле уурудур... Күч түзүмдөрү деле жөндөн-жөн эле камай бербейт да. Өз кезегинде алар дагы купуя сырдан тышкаркы мотивдерин элге ачык маалымдашы керек.

- Эгер бул камоолор Кумтөргө байланыштуу далилдерди топтоо үчүн болуп жатса, анда кендин кийинки тагдыры кандай болот? «Центерраны» сотто жеңип чыга алабызбы?» деген суроо да көпчүлүктү түйшөлтүп жатпайбы?

- Азыр бизде биринчи кадам жасалды. Соттошуу процессине чоң даярдык көрүү маанилүү. Ал үчүн ар бир саясатчы, мамлекеттик жетекчилер Кумтөр тууралуу билген маалыматын бериши керек. Ошондуктан алардын ишке күбө катары чакырылышын туура көрөм. Анткени тигил тарап да жөн жатпайт.

Жалпысынан алганда, биз жактан бул ишке алдын ала даярдыктар жүрдү. Азыркы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктүн тажрыйбалуу адис экендиги, ыкчам кадамдарга барышы ишенимди арттырып атат. Жеңиш үчүн жалпыбыз биригип жардам беришибиз керек.

- Эгер Кумтөргө тийешеси бар делгендердин баары кандайдыр бир деңгээлде суракка алына турган болсо, анда иш тээ башынан башталышы керекпи? Бул сыртта жүргөн саясатчыларга да тийешелүүбү?

- Албетте, Акаевден баштап ар бир тийешеси бар күбөлөр, кылмышка шектүүлөрдүн баарын сураш керек. Архивдик документтердин биринчи этабынан баштап иликтениши шарт. Ошондо гана чындык чыгып, афёранын бети ачылат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости