www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тарап 4-июнда саат 03:00го жакын Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесине контейнер коюу менен Кыргызстандын аймагына 1000 метрге чейин кирип келген.

Бүгүн түнү Тажикстан менен чек арада болгон окуя Бишкекти эле эмес, анын чегинен тышкары дагы кооптонууларды жаратууда деп эсептейт саясат таануучу Денис Бердаков.

«Россия сыяктуу эле Казакстан, Кытай жана Өзбекстан дагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын делимитация жана демаркациясына олуттуу көңүл бурууда. Анткени, бул негизги себеп, ондогон жылдардан бери бул райондо жашоочулардын ортосунда келишпестиктер болуп, ага айрым учурда Кыргызстандын чек ара күчтөрү кийлигишип келген. Бирок, Тажикстандын чек арачылары, ал тургай кээде ички аскерлери дагы Кыргызстандын жай тургундарына карата минометторду колдонгон учурлар аз эмес. Бул быйыл эле чыга калган жок, бир нече жыл мурда дагы орун алган.

Учурда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоонун катаал процесси жүрүп жатат. Чек ара кызматы жазгандай, таңкы саат үчтө техникаларды алып келүү, такталбаган тилкеге контейнер жана аскерлерди коюу, телефон чалууларга жооп берүүдөн качуу бул абалды өтө олуттуу курчутуу болуп саналат. Бул коңшу өлкөлөр, ошондой эле Россия жана Кытай тарабынан ачык эле терс кабыл алынат. Анткени, сөз болуп жаткан жерден Кытайга чейинки аралык бир нече жүз чакырым, ал жакта бүткүл Борбор Азия үчүн Кытай Эл Республикасына стратегиялык чыгуу жолу бар.

Мунун бары үч өлкөнүн – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасындагы анклавдар темасы менен тыгыз байланыштуу. Анын жанында этникалык-диний-социалдык-экономикалык жактан эң татаал жерлердин бири Фергана өрөөнү жайгашкан, ал жакка бир гана тынчтык, өнүгүү жана биргелешкен соода гана зарыл», - деди саясат таануучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости