www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мас абалында унаа айдаган айдоочулар бир жылга, кайталап эреже бузгандар үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Аталган мыйзамга Садыр Жапаров кол коюп, өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Буга чейин мас абалында унаа айдагандар 17,5 миң сом айып пул төлөшкөн.
Жаңы эрежелер 2023-жылдын 8-мартында күчүнө кирет.
Жол-кайгуул кызматынан белгилешкендей, мыйзамга өзгөртүүлөр айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөйт.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу жаңы талаптар тууралуу билдирди:
Жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө — мурда 3 000, эми 5 000 сом;
Тиешелүү документсиз унаа айдаса (категория) — мурда 5500 сом болчу, эми 15 000 сом;
Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса — мурда 5 500, эми 7 500 сом;
Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурда 7 500, эми 15 000 сом;
Каршы тилкеге чыгып айдаса — мурда 5500 сом, эми 15 000 сом
Унаа бейбаштыгы — мурда 7 500, азыр 15 000 сом. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
Айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу;
Бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат;
Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат;
Жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү жарактан чыгарат.
Булак: NazarNews.kg