www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы, тактап айтканда Кумтөргө байланышкан акыркы окуялар боюнча Канаданын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Билдирүүнүн тексти:
«2021-жылдын 17-майы. Оттава, Онтарио – Тышкы иштер министрлиги
Бүгүн ардактуу тышкы иштер министри Марк Гарно менен ардактуу чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Нг төмөнкү билдирүүсүн жарыялашты.
Канада Кыргыз Республикасынын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагында уланып жаткан окуяларга тынчсызданууда.
Биз Кыргыз Республикасынын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйынында «Центерра Голдго» көзөмөл жүргүзүү үчүн «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы тууралуу билдирүүгө таңданып турабыз. Бул Кыргыз Республикасына түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал.
Ошондой эле Канада чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ортосундагы бул талаш бирге иштешкен тараптар үчүн ачык-айкын чечилбегенине таңданат.
COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт.
Канада эки тарап тең башталып жаткан арбитраждык процесстерге толугу менен катышып, анын жыйынтыгын урматтайт деп күтөт».
Жогорку Кеңештин депутаттары 17-майдагы кезексиз отурумунда Кумтөргө байланыштуу чечим кабыл алды. Анда каралган токтомдун долбоорундагы пункттардын бири «Кумтөр» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө уруксат берүүгө байланыштуу.
Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү жана убактылуу башкаруучу дайындоону тапшырды.
Жалпы 114 депутат катталган. Алардын ичинен 91 депутат «макул» деп добуш берип, «каршы» чыккандар болгон эмес. Ал эми каттоодон өткөн 23 депутат добуш берүүгө катышкан жок.
Булак: NazarNews.kg