www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Январь айынан бери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май экспорттолбой турат. Бул тууралуу Кыргызстан мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатов 1-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы Казакстанда мунай өндүрүүдө профицит (ашыкча өндүрүү) катталып, Кыргызстанга арзан баада күйүүчү май алып келүү тууралуу макулдашылган. Бирок коңшу өлкө өз заводдорунда оңдоо иштери жүрүп жатканын жүйө келтирип экспортту токтотуп койгон:
"Былтыр жай мезгилинен бери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды ташып келип жатканбыз. Жаңы жылдан тарта Казакстандын заводдору профилактикалык оңдоо иштери башталгандыктан бизге күйүүчү майды сатпай калды. Бул да тартыштыкты жаратты. Казакстандын экспорту азыр бизге жабык".
Мунай ташуучулар бирлигинин маалыматына караганда, күйүүчү майдын наркы Кыргызстанда январдан бери 14% же 5-7 сомго кымбаттады. Баа мартта дагы 5-8 сомго чейин өсөт деген божомол бар.
Кыргызстанга күйүүчү май Орусия жана Казакстандан алынып келинет.
Булак: NazarNews.kg