www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Канатбек Исаев Түркия Республикасынын Измир провинциясында катталган жер титирөөдөн улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу аталган өлкөнүн парламентине жана элине көңүл айтты.
Анда мындай деп айтылат:
"Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Түркиянын Измир провинциясында болгон кайгылуу жер титирөөнүн натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана көптөгөн жарандардын жаракат алгандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Ушундай кайгылуу учурларда Кыргыз эли боордош Түрк элине өзүнүн тилектештигин билдирет.
Боордош Түркия элине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин колдоосун тастыктоо менен бирге, каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен, жарадар болгондорду Алла Таалам тезирээк сакайтышын тилейм.
Терең кайгыруу менен,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Канатбек Исаев"
Булак: NazarNews.kg