www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдөгү мусулмандарга башка конфессиялардын өкүлдөрү сыяктуу мамиле жасалат жана алар өз диндерин эркин тутунат деп ишендирди.
"Биздин мамлекетте эч кандай дин менен көйгөй жок, Франциядагы мусулмандарга карата мамиле башка конфессиялардын өкүлдөрүнө окшош. Мусулмандар өз ишенимин эркин колдоно алышат", - деди Макрон.
Макрон Францияда мыйзам деңгээлинде ар кандай расизмге, улутчулдукка же шовинизмге жол берилбейт деп белгиледи.
Ошол эле учурда, Макрон француз бийлиги диндин атынан өлкөнүн мыйзамдарын, атап айтканда ошол эле аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун камсыз кылган гендердик теңчилик мыйзамын бузууга жол бербейт деп баса белгиледи. "Мен мусулмандардын сезимдерин түшүнөм, бирок менин милдетим ошондой эле укуктарды, анын ичинде француз элинин сөз эркиндигине болгон укугун коргоодо турат. Карикатураларды расмий ЖМКлар басып чыгарбайт, бул көзкарандысыз маалымат каражаттары, бирок бул жеке мен айтылган , жазылган же тартылган сөздөрдүн бардыгын колдойм дегенди билдирбейт", - деди Франциянын президенти.
Булак: NazarNews.kg