www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркиянын сириялык жалданма аскерлерди жалдап, Азербайжанга жеткиргендигинин "толук далилдери бар" деди. 

Өкмөт башчы өз баракчасына сириялык Мухаммед Аль Шхайрды суракка алган видеотасманы жайгаштырды, ал Армениянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Карабахты коргоо армиясынын бөлүктөрү тарабынан колго түшкөн. 

"Азыр буга чейин Сирияда миңдеген жалданма аскерлерди жалдап, аларды Арцахка (Карабактын Армениядагы аты) каршы аскердик агрессияга катышуу үчүн Түркия Азербайжанга жөнөткөндүгү жөнүндө толук жана ар тараптуу далилдер бар", - деп жазган Пашинян Фейсбукта.  

Анын айтымында, материалдар "эл аралык кылмыш тармагынын бар экендигин көрсөтөт, анын ачыкка чыгышы кесепетсиз калбайт".

Буга чейин Түркия тарап мындай айыптоолордун жалган экенин айтып, күнөөнү мойнуна албай кедген. Азербайжан тарап да, Армениянын бул сөздөрүнө каршы чыгып келишкен. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости