www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун бийлиги 1-ноябрдан тартып чек ара тилкелерин чет элдик жарандар үчүн жапканын жарыялады. Расмий Минск буга коронавирус пандемиясы себеп болгонун билдирди. Бирок дипломатиялык паспорту бар жарандар жана Беларуста жашоого күбөлүк алгандар кире алышат. Беларус менен Союздук мамлекет түзүп жаткан Орусиянын жарандарына транзит үчүн гана уруксат берилди, алар Европа Биримдигинен кайтып баратып Орусияга өтүп кетсе болот. Мындан сырткары Минскидеги аэропорт аркылуу өлкөгө киргендерге да чектөө жайылтылбайт.
Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып Беларуста коронавируска байланыштуу карантин киргизилген эмес. Александр Лукашенко бир нече жолу билдирүү жасап, жалпы улуттук деңгээлде чектөөлөр керек эместигин айткан. Беларус жазында да чек арасын жапкан эмес.
Булак: NazarNews.kg