www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Хасанов «Чоң Казат» кыймылынын катарынан чыкканы тууралуу айтылып жаткан маалымат боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

«Мен ден соолугума байланыштуу убактылуу «Чоң Казат» кыймылынын лидерлигинен кетип, башкарууну Бекке тапшырдым. Бирок,мен бирикмеден кеткен жокмун, мурдагыдай эле партиянын курамындамын жана ден соолугумду чыңдагандан кийин партиянын түзүлүшүнө жана Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүүгө киришем», - деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин Хасанов «Чоң Казаттан» чыкканы тууралуу комментарий жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости