www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда, өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы.

Кеңешмеге тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбеков, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Жанат Бейшенов жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков катышты.

Кеңешмеде темир жол долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилип, анын ичинде "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулуш долбоору талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын транспорттук көз карандысыздыгын бекемдөө жана транспорттук жүк жана жүргүнчүлөр агымын диверсификациялоо максатында өлкөнүн бардык аймагында темир жол транзити менен ички жолдорду өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Транспорт секторундагы эң ири жана стратегиялык долбоорлордун бири "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоо болуп саналарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөнүн темир жол инфратүзүмүн модернизациялоону ыкчамдатууга жана темир жол транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташуу чөйрөсүндөгү санарип демилгелерди ишке ашырууну улантууга көңүл бурду.

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн компаниянын ишмердигин санариптештирүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Кыргызстан менен Казакстандын темир жолунун маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук өз ара алмашуу уюштурулганын жана коштомо кагазды түзүү боюнча программалык камсыз кылуу иштелип чыкканын билдирди.

Мындан сырткары, "Түндүк" системасы аркылуу реалдуу убакытта ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн жүктөрдүн келиши жөнүндө салык органдарына маалымдоо мехнизми киргизилди, ошондой эле сайт жана төлөм тутумдары аркылуу темир жол кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү жаралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости