www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун 45 жаштагы тургуну айылдашын айры менен ичке сайып сот жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтына токтом жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда жабырлануучу досу менен айылдашыныкына кымыз ичкени келип, эс алуучу жайдын ээси менен пикир келишпестик жаралган. Мас болгондордун бирөөсүн кымызкананын ээси айры менен курсакка сайып жиберген.

Сот отурумунда шектүү адам өлтүрүүгө аракет кылбагандыгын айтып, айры кокусунан сайылып кеткендигин билдирген.

"Кымыз ичкени келгендердин арак ала келгенин көргөм. Бир маалда экөө мас болуп кардарларга тийишип баштаганда кетип калгыла дегем. Ошондо бирөөсү менен уруша кетип, аны бир жолу чаап жибергем. Ал жыгылып, бир аздан кийин туруп кетип калган. Жанындагы шериги мени бир муштап калууга жетишкен. Мен жыгылып, алым жетпей турганын билип, айры менен коркута баштагам. Кандай болуп кеткенин билбейм, бир маалда карасам айры сайылып калыптыр. Бул окуя этиятсыздыктан болду, кылган ишиме өкүнөм жана жеңил жаза берүүңүздү өтүнөм", — деп көрсөтмө берген.

Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип аман калган. Соттун чечими менен 45 жаштагы шектүү беш жылга эркинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости