www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратурасына кайтарып берди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине таянып, Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

"Бул каражат Өзбекстандын республикалык бюджетине которулду жана жалпы тартип менен пайдаланылат", – деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин басма сөз кызматы Швейцария, АКШ, Франция жана Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге башка каражаттарды кайтаруу иштери уланып жатканын кошумчалады. Кеп Каримованын дагы 1,3 миллиард доллар каражаты жөнүндө болуп жатат.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги бул активдерди Каримова же анын үй-бүлө мүчөлөрү пайдалана албай турганын, себеби каражат камакта экенин белгиледи.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо айыптары менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл 4 айга кесилген.

Чет элдик телекоммуникация компаниялары менен ири келишимдерине байланыштуу Каримовага карата 2013-жылы Европа өлкөлөрү иликтөөсүн баштаган. Каримова атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынганы расмий эмес түрдө кабарланган.

Ташкенттеги абакта отурган Гүлнара Каримова президент Шавкат Мирзиёевге кат жазып, казынага 686 миллион долларды кайтарып берүүнү сунуш кылганы февраль айында белгилүү болгон. Бул үчүн ал өзүнө каршы козголгон акыркы кылмыш ишин жабууну өтүнгөн.

Булак: NazarNews.org

Последние новости