www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тирүүлүктө жашоо токтобойт

Чексиз ойлор мээңди мыжыгат. Кадимкидей кол менен катуу кармагандай мээң лукулдайт. Жүрөгүң опкоолжуп кетет. Мамлекетти мурда, азыр бийлеп турган дөө-шаалардын кыл чайнашкан кармашынан бут алдыңдагы жер солкулдап турганына кантип кайыл болмоксуң? Анткени кыргыз өлкөсү болбосо кайдагы жашоо болмок эле? Өз өлкөң, өз үйүң, өз бир боордошторуң, мекендештериң бар үчүн жашоо керемет экенине ынанасың. Эзелтеден бери жер үстүнөн жоголуп кетпей тиргилигин улантып келаткан кыргыз улутунун башынан оор күндөр өтүп, ошол кыйынчылыктарды бекем ынтымагы, ширелген биримдиги, улуу касиети аркылуу жеңип келгенин тарых кылып айтып келебиз. Эми аны узартуунун кажети жок. Андан көрө азыркы түзүлгөн абалга абай салып көрөлүчү?

Алыска барбай эле тогуз жыл мурдагы абалыбызга артка кылчайып саресеп салууга неге болбосун? Анткени экинчи ирет болгон бийлик алмашууда орду толгус окуялар жүз берди. Канча жылмаласак деле Бакиевдин убагында үй-бүлөөлүк башкаруу орноп калган. Муну толгон-токой фактылардын негизинде изилдеп чыккандар аныктап берип салышкан. Ошондо деле чыйт түкүрүп ошол кездеги бийликке жан тарткандар дале болсо бар, жоголуп кеткен жок тигилердин артынан. Талкаланган, өрттөлгөн Бишкектин, Оштун, Жалал-Абаддын ири курулуштарын бүткөрүүгө, жеке адамдардын турмуш-тиричилик кылуусуна ого эле көп каражат табуу милдети алдыга коюлган. Ушул өтө маанилүү маселени калыбына келтирүүнү өз колуна алган Алмазбек Атамбаев кайсыл өлкөгө барбасын тырмагына бирдемке илип келип жүргөнүн көргүсү келбегендердин көзүнө “тирсек” деле чыкпасын. Ошентип эли үчүн түйшөлүп жатканда деле ортодон чыга калгандар бийликти алууга чабуул жасашканын кантип жашыра алабыз? Дээрлик 2014-жылга чейин тос-тополоңдор ар кайсы жерде баш багып турганын унуткан жокпуз. “Бунтчуларды” тизгиндеген, элди ийкемге келтирген соң гана өлкөдө туруктуулук өкүм сүрүп, эл аралык алкактагы долбоорлор ишке ашырыла баштаган.

Коңшулардын падышаларынын кысымына баш бербей, керек болсо өзүнө жараша жооп бергени үчүн жергебизде энергетиканын эркиндигине ээ болдук. Көгүлтүр газдын тагдырын чечип бергени боюнча акыйнектер айтылганы менен учурда ал долбоор өзүн толук актаганына күбө болдук. Жолдор салынды, социалдык объектилер курулду, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үйлүү болушту, маяналары көтөрүлдү. Түндүк-түштүк жолунун курулушу бүткөндө ушул долбоорду баштап берген мурунку ажого алкышыбызды айтаарыбызга шек жаралбайт. Бир да президент батынып жасай албаган түз кадамды Атамбаев баштап бергени тарыхый окуя. Үркүндүн 100 жылдыгына саясий жактан маани берип Ата-Бейитке Владимир Путинди ээрчитип барып эстеликке гүл койдурганы анын мекенчилдиги десек балким бирөөлөрдүн куйкасы курушуп кетээр? Анткени туура сөзгө да ичи сыйрылгандар бар. Эмнеси болсо да алты жылда өзгөрүүлөр, жылыштар болду дегенден тартынууга негиз жок.

Ажолук тактыны мөөнөтүндө өткөрүп бергенден көп өтпөй ыйкы-тыйкылар башталды. Мурдагы көчтү улайм деп шымаланып ишке киришкен Сооронбай Жээнбековду акырындык менен тескери карап кетүүсүнө ортодогу эпчилдер жетишишти. Арканды эшкендей чебердик менен кыймылга келгендер чейрек кылымдык достукту жокко чыгарышып, ынакпыз деп колду бекем кармашкандардын алакандарына “кара куртту” салып жиберишип, ураалап жатып калышты. Кимди болсо да жагымдуу сөз ийинден чыгарып, көзүнө түстүү көз айнекти кийгизип салышаарын далай ажолордун таржымалынан билген жайыбыз бар. Кечээ Шаршеновичти мактагандар сүрүлүп келип Шариповичке чапталышты. Көрсө шылуундук, жагымпоздук кылууга “элитанын каймактары” маш болуп бүтүшүптүр. Мындай жагдай жаралганын кыйшактатпай түз сүйлөгөн таанымал адамдар байма - бай билдирип жатышат. Тилекке каршы эч кандай таасир бербегени элди кыжаалатка салууда.

Кайсыл “алысты көргөн” көрөгөч кеңешин бергени баамдалып турса да кошоматты өкүртө өздөштүргөндөр билмексендикке салышып абалды козутууга “салымын” кошуп жатканы сокурга да билинип калды. Болбосо Жогорку Кеңеш жосунсуз жоруктарга барып, элдин алдында зоболосун ылдый түшүрмөк эмес. Муну бетке чабар болуп бүткөн, көкжал депутат Рыскелди Момбеков деле айтып чыкты. Спикердин чабалдыгы, өзүнчө иш кылалбагандыгы ого бетер бүкшүгөн отко кир суу чачып жибергендей түр жаратты. Негизинде дээринде жок киши мамлекеттеги экинчи адам болгону көпчүлүктү бышкыртып койгону калп эмес. Акыйкатында Дастан Артисбекович кырдаалдын эле “каарманы” болуп калганын жамы журт билет. Эгерде ошондо курч кырдаал жаралбаса спикерлик такты анын түшүнө деле кирбейт болчу. Болгон кепти чаржайыт кылбай түз белгилегенде А. Атамбаевди Жогорку Кеңеш тескерисинче көз ачып жумгуча “баатыр” кылып салууга үлүшүн кошту. ЖКнын аша чаап кеткендигин, алабармандык кадамдарын акылы жайындагы коомдук ишмерлер кептеринде кыстарышты. Ал эми Б. Талгарбеков, А. Акматалиев, Т. Акеров сыяктуу мурдагы ажонун “сүйгүнчүктөрү” алтынчы чакырылыштагы парламент тарыхый ишин кылды деп алакандарын чабышканынын жөнү жалпыга маалым.

Ошентип аптаптуу айдын ысытмасы тарай элек. Эртең эле сентябрь келет. Ошого чейин президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчи-таңашчылары кандай кадамдарды жасоосуна шарт түзүшү керек? Оболу кынына кирип кеткен өкмөттү кетириши зарыл. Андан соң чүлүктөлгөн, өз алдынча маселе чече албаган бечел парламентти таратууга бел байлабаса абал оң жагына ообойт. Эгерде саясий эрки ушуга жетсе азыркы президент мөөнөтүн аягына чейин аткарууга чыйыр салынат. Жаңы команда менен айбаттуу иштерге бет алууну көздөгөн ажону эл колдоого аларын деле кепке кыстара кетпесек болбостур. Антпей, чабал парламентти аман алып калууга, түккө жарабаган өкмөттү өнтөлөөгө өтсө бул президенттин тагдыры да кырдын башына кептелет. Биз жагымпоздукту эмес, жапа чекпей калууну ниет кылышыбыз кажет.

Түбү жок ойлор. Тирүүлүктөгү токтобогон күрөштүн оомал-төкмөлүү жагдайы. Кыл чайнашкан кармашуудан эсен калуунун амалдары. Өз атын тарыхта кара тамгага бастыруудан сактануу. Бийликтин убактылуу кара күчү, зор таасири. Достукка шек келтирген жаман сапаттар. Ушулардын баары учурда адам таразасына, акыл көрөңгөсүнө коюлду. Кандын башын кан жейтти токтотсо болобу? Кыргыз саясатындагы оош-кыйыштарды оң жагына келтирүү мезгил талабы экендигин аңдоого өлкөнүн башындагы адамдын дарамети жетеби? Мезгилинен кечиктирбей хандык тактысын өткөрүп берген кишинин тагдыры кайсыл нукка которулат? Касиеттүү Ала-Тоонун мөңгүсүнө доо кетпейби? Көчмөндүк таржымалы бар, кереметтүү кыргыз мамлекети ушул жолку сынактан бүтүн чыгар бекен? Өлкөнүн тиреги болгон калың журт кайрадан коогалаңдуу окуяга кириптер болбойбу? Арам ишке баргандарга, ичкич, жегичтерге таасирдүү сокку урулабы? Эл ишенген ажо адилеттүүлүктү, чындыкты, келечекти карманууга, Кыргызстанды апааттан сактап калуу үчүн ак ниеттен күрөшө алабы?

Мээ көзөгөн ушул ойлордун жетегинде күн кечиргенибиздин ооматы жакшы жагына оодарылып кетсе экен деген тилегибиз кабыл болсунчу ылайым!, дейт "Ачык сөз" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости