www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевдин атынан ачылган “Журналисттик иликтөө фонду” өз ишин баштады. Мындан эки ай мурун капилеттен көзү өткөн иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган журналисттик иликтөө фондунун бет ачары Бишкекте эки жерде болуп өттү. Биринчи иш-чара саясатчылардын, медиа коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн башын кошту.

Бирок Уландын жакындарынан көп адам чакырылбай калганын Уландын досу Каниет Жыргалбеков айтып чыкты.

-Улан досум арабыздан кеткенине 55 күн болду! Досум сагындык.. Кече күнү Ысык Көл райондун прокурору менен сүйлөшүү жүргүзгөм алар ишти обласка өткөрүп берген экен. Себеби областа күчтүү иликтөөчүлөр бар дейт, иликтөөчүнүн номерин алдым жакшы үмүт кылып туралы балким бир күнү балп этип чындык чыгып калаар...

“Уланбек Эгизбаев” атындагы фонд ачылды сен досу болуп туруп барбаптырсың, чыныгы дос деп жөн эле айтып жүрүпсүң”- деп айткандарга жооп берейин...

-Ооба фонд ачылыптыр, жол болсун, иштери илгери болсун! Аяш апам дайымкыдай мурда күнү чалды (Уландын апасы) балам шаарга чыктым деди, апамдын келатканы биз үчүн майрамдай. Вокзалдан тосуп алдым үйүнө жеткиртип баратсам фонд ачышып ачылышына келдим деди.

- Аяш атам, эжелеричи?- десем

-Бир эле адам келсин дептир. Сен барасыңбы деди ?

-А мени чакырышкан жок дедим.

Демек чындык айтып чыккан адам ал жерден да фонд туура эмес кадам таштай турган болсо тоскол болот. Өткөндө аяш атама барышып “фондко сиз башчы болосуз” деп кетишкен экен, башчы болмок турсун байкоочу кенешке да кошкон жок.

Мына ушундай мамилени, эл көшөгөнүн артынан билген жок. А байкуш аяш атам билгизбесе да ичинен кубангандыр, а бүгүн шагы сынды!

Мен буттагы тактарды айтып чыкканда айрым адамдар “эмне айта калдың экспертиза чыкканча” дешти эле. Уландын эжелерине чалып ишти эртелетип жаап салалы деген адамдар бүгүн фонд ачылса ошол жакта чуркашып жүрөт. (Ишти жөнгө салбасаңар атыңар аталат! )

Фондко 1миллион котордум деп баардык маселени Отунбаева чечип жаткан имиш. Аны Сапаргүлгө “Азаттыктын” жетекчиси айткан экен. Фонд иштерин саясатка аралаштырбагыла. Ата-энеси унчукпаган адам экен деп эле ар нерсе кыла бербегиле. Азыр Уландын шефи Азаттык эмес! Уландын шефи ата-энеси. Ар бир кадамын ата-энесине айтыш керек. Байкоочу кеңешке эжелеринен бирөөсү, атасы же апасы, мени ызылдап чыгат деп жолоткуңар келбесе, Кочкордогу Ренат деген досун, сыйлашкан байкеси Эдил Байсаловду, депутаттардан Момбековду же Акаевди кошкула! Фонд эмне иш кылып жатканын ата энеси аркылуу же досу аркылу эл көрүшү керек! Ата эне,тууган, досторун аралаштырбаганда бир сыр бар... Өзүңөр билип иш кылбагыла! Улан элдин баласы болгон! Фонд келечектуу болушу керек! Уландын аты бийик болуш керек!- дейт Каниет Жыргалбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости