www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15- сентябрда Бишкек шаарынын тургуну С.К аттуу 74төгү пенсионер ата биздин редакцияга келип алдамчыларга туш болуп, орто жолдон 7000 сом акчасын алдырып алганын айтты. Атага “Биз ГАИден чалып жатабыз. Улан деген күйөө балаңыз бар беле? Ошол кырсыкка учурады. Ылдамыраак чоң суммадагы акча которуңуз,”-деп алдамчылар телефон аркылуу чалышкан. Ата ойлонбостон 7 миң сомун “Киви” терминалы аркылуу айтылган дарекке которуп жиберген. Жакындарына байланышып окуянын чоо жайын тактаганда гана ата алдамчыларга туш болгонун билген.

Буга чейин дагы мындай окуялар коомубузда көп эле катталган. УКМКнын берген маалыматтарына таянсак көбүнчө мындай жол менен акча табууну түрмөдөгүлөр уюштурат. “Сиз лотереядан акча утуп алдыңыз”, “Сиз баалуу буюм утуп алдыңыз”- десе эми алдамчылар элди алдаганга жаңы ыкма ойлоп табышканы жанды кейитпей койбойт.

Бир секундда адамдын оюна эмнелер гана келбейт. Жакынына жардам берем деп шок абалда турган адамдардын акчасын кагып алып өз кызыкчылыгына кантип жумшайт деп жакаңды кармайсың...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости