www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Конституциянын долбоорун жана референдум дайындоого негиз жок экенин айтты.

Анын айтымында, долбоорду кароого негиз болчу эки документ жок, мындан улам регламент боюнча кароого парламент укуктуу эмес.

--"Сөз жок, керектүү эң негизги документ жок экен. Мындай жагдайда сөзсүз түрдө Конституциялык палатанын корутундусу керек. Экинчиден, "ооба референдум өткөрүүгө өкмөт макул, мынча каражат керек" деген өкмөттүн корутундусу зарыл", - деди эл өкүлү.

Андан соң өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөттүн оң корутундусу бар экенин айтып, референдум өткөрүүгө 60 миллион сом керектелерин билдирди.

Иманалиев мындай корутунду депутаттарга берилбегенине нааразы болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости