www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-декабрда Билим берүү министрлигинде Каныбек Исаков менен тармагынын өкүлдөрү жолугушту. Тармак мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар боюнча иш алып барган 39 бейөкмөт уюмду өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарада 2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды.

Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей турган адистердин (логопед, атайын педагогдор) даярдыгы, башталгыч билим берүүдөгү мугалимдердин кесипкөйлүгүн көтөрүү жөнүндө сөз болду.

Өкүлдөрү Билим берүү министрлигинин алдында Инклюзивдик билим берүү боюнча координациялык кеңеш түзүүнү сунушташып, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын окуу программасын түзүүгө жардам бере
алышарын билдиришти.

Министр тармак өкүлдөрүнө атайын окуудан өткөн мугалимдерди мамлекеттик- жеке өнөктөштүк негизинде жумушка орноштурунуу сунуштап, орто, жогорку окуу жайларда мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө көңүл буруп, инклюзивдүү билим берүүнү өркүндөтүү боюнча конкреттүү
иш чаралардын планын түзүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости