www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аткезчилик өлкөдөгү чоң маселеге айланып, ага карата ар тараптуу пикирлер айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга каршы саясат артыкчылыктуу багыт» дегени менен укук тартибин коргоо органдары берилген тапшырмаларды аткара албай жатат деп  билдирди.

“Алар Кыргызстанда жыргап жатышат. «2020-жылы парламентке келебиз» деп жатышат. Аткезчи, жөнөкөй тил менен айтканда – ууру. Ууруларды, элди тоногон кишилерди түрмөгө отургузуп, мүлкүн камакка алыш керек. Жылаңач жүргөн аялды камчы менен коркутпай, ууруларды колго чабыш керек. Кыргызстанда аткезчилер керек болсо биз менен тойго барышат. Чет өлкөдөн кымбат мүлк алып, партия түзүп жатат. Биз ошого жол бербешибиз керек. ИИМ «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жок» дейт. Бажы болсо «аткезчилик жок» деп атат",-дейт Бекешов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости