www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Балта шаарында эки аялдын - энеси жана анын кызынын жансыз денеси табылды. Алар өлөөр алдында кат да жазып кетишкен. Бул тууралуу “Turmush” интернет басылмасы жеке булактарына таянып, бүгүн, 5-декабрда маалымат таратты.
Андагы маалыматта айтылгандай, алар жазып кеткен катта аялдар алардын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнүшкөн жана үйдү аларга кызмат кылып келген үй кызматкерине калтырышканын, алардын сөөгүн коюу зыйнатына кетүүчү акча кайда турганын жазышкан.
Буга чейин маалымдалгандай, 5-декабрда, кечки саат 17:00дөр чамасында шаардын Спорт кварталында жайгашкан батирде эки аялдын денеси табылган. Алар канча убакыттан бери жатканы азырынча белгисиз.
Маркумдар 1948-жылы туулган “Л.П.” – аталган шаардагы белгилүү психоневролог жана анын 1979-жылы туулган "С.П." аттуу кызы экендиги аныкталган. Кызы юрист болуп иштечү. Жолдошу менен ажырашкан.
Маалым болгондой, апасы акыркы жылдары катуу ооруга чалдыккан. Ал эми кызы кандайдыр бир дары-дармектерди колдонуп жүргөнү, акыркы күндөрү өзүн башкача - түшүнүксүз жүрүм-турумдары менен тааныштарын таң калтырып келген.
Психоневрологдун мурунку жолдошу шаарда дарыканалар тармагына ээлик кылат.
Болжолдуу маалыматка караганда, эки аялдын денесин үй-бүлө ээсинин жакын курбусу таап, милицияга кабар берген. Мындан тышкары, үйдүн башка бөлмөсүнөн өлүм алдында жазылган кат табылган. Анда алар өз жанын кыюуну чечишкенин жазып, алардын өлүмүнө эч кимди айыптабоону өтүнүшкөн.
Учурда милиция эки аялдын өлүмү бонча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Алардын өлүмүнө эмне себеп болгондугу аныкталууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Булак: NazarNews.kg