www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ак көңүлдүн аты арыбайт» - деген кыргыздын күмөн туудурган сөзүн эч жактырбайм. Бул тууралуу экс-депутат Каныбек Осмоналиев билдирди.

«Ак көңүлдүн аты арыбайт» - деген кыргыздын күмөн туудурган сөзүн эч жактырбайм, кээде!  Бирок, аялым айткандай менде ак көңүлдүктүн чеги жок окшойт! Баарыбыз эле бири-бирибизге кара мүртөздүк менен кара көңүлдүк кылып, жамандык ойлоп, аны ар түрдүү амалдар менен ишке ашырып, бири-бирибизди өлтүрүп же душманга салып бере коюп, болоор-болбос максаттарга жеткенге маашырланып келгендигибизден улам, жалчыбай келет окшойбуз! Бала кезимде чоң атам Абдираим мени кучактап отуруп: «Каныбегим сен көп жакшы кызматтарга жетесиң, бирок, өтө эле ак көңүлсүң!» - дей берчү», - деп белгиледи Осмоналиев.

Эске сала кетсек, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев учурдагы бийлик менен буга чейин тыгыз мамиледе болгон. Азыркы тапта «Президент мени мамлекеттик катчы кылат деп ишенип алыпмын» деп таарынып жургөнү байкалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости