www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Осмоналиев качан «Кыргыз эл баатыры» болот?

Каныбек Осмоналиев 65 –жашка толгон мааракесинде ал кездеги 2018-жылдагы президент Алмазбек Атамбаев «Манас» орденин тапшырып: «Эми буюрса 70 жашка толгондо «Кыргыз эл баатыры» болосуз» - деген. Эми Атамбаев камакта, 2023-жыл жакындап келе жатат, Каныбек Осмоналиев баатырдыкты алабы? Усубалиевдин заманында 1980-жылы кыргыз уланы Каныбек Осмоналиев олимпиаданын олимпине чыккан. Дагы бир Каныбек Осмоналиев Курманбек Бакиевдин заманында Билим берүү министрлигин жетелеп, мектеп окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларда чемпиондукка жетишип калган. Аны Атамбаев алка-жакадан алып, бийликтен кубалап түшкөн.

«Тешиктен чыгарса эшиктен кирип» парламент депутаты болуп, КТРКда «Илим жана турмуш» көрсөтүүсүн алып барып жаштарды илимге үндөйт.  Депутат болгонго да бут тоскон классташы Ашаке Илим Карыпбеков аркылуу КТРКдагы көрсөтүүсүн да жаптырып салат. Бүгүн бир Каныбек Осмоналиев өкмөт башчысынын кеңешчиси болсо, экинчи Каныбек Осмоналиев маданият министринин кеңешчиси болуп, мамлекетибизди Каныбектер тескеп баратат.

Премьер Марипов менен премьердин кеңешчиси Каныбек Осмоналиев Москвада 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын алтын медалынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар өлкөдөгү дене тарбия жана спорттун бүгүнкү абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу талкуулады. «Ар бир адам спорттун чексиз экендигин жана өзүнүн жаратмандык күчү аркылуу дүйнөдөгү миллиондогон адамдарды бириктирип тураарын түшүнөт. Дене тарбияны жана профессионалдык спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, биз, өзгөчө, өсүп келе жаткан муун арасында спортту массалык түрдө жайылтуу, дүйнөлүк деңгээлге чыгууга жөндөмдүү таланттуу спортчуларды колдоого алуу маселесине тийиштүү көңүл буруубуз зарыл. Бул багытта эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен спортчуларды даярдоо тутумун мындан ары өркүндөтүү зарыл», - деди Марипов.

Премьер-министр Каныбек Осмоналиевди Москва шаарындагы XXII Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип алгандыгына 40 жыл толушу менен куттуктады: «Сизге өлкөбүздүн даңкын алыска чыгарган жеңишиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин жеңишиңиздин юбилейи өткөн жылы өттү, бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул сыймыктуу окуя менен сизди жеке куттуктай алган жокпуз. Бул вазийпа мага туш келгендигине кубанычтамын. Андан бери карай 40 жыл өтсө дагы биз ал жеңиш менен сыймыктанып, сизди жаш муундарга үлгү катары коюп келе жатабыз. Сиз кезинде учурда ийгиликти багынтып жаткан чыгаан спортчуларыбыздын сыймыгы болгонсуз», - деди Улукбек Марипов.

Каныбек Осмоналиев Өкмөт башчыга ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу жеке ал үчүн гана эмес, ар кыл спорттук иш-чараларда өлкөнүн намысын коргоп келген жана коргой турчу жалпы спортчулар үчүн маанилүү болуп саналарын белгиледи: «Биз үчүн көңүл бурганыңыздар абдан маанилүү. Канча жылдар өтсө дагы ал жеңиш элибиздин эсинде экендиги кубандырат. Бүгүнкү күндө биз, кыргыз спортунун ардагерлери, жаштар менен көбүрөөк иш алып барып, алар менен өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, насаатыбызды айтууга аракет кылуудабыз», - деди Каныбек Осмоналиев. Өкмөт башчы Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди энчилүү сааты менен сыйлап, көп томдуу «Кыргыздар» китебин белекке тапшырды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости