www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр боюнча кармалгандарга «Коррупция» деген өтө оор айыптар тагылып жатат», - деди бүгүн, 2-июнда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, Кумтөр кени боюнча камалгандардын, суракка чакырылгандардын саны арбып баратат. Аларды колдоп митингге чыккандар да болуп жатат. Эми камоолордун айынан нааразы тараптар күч алып кетпейби?

- Митингди уюштуруу, ага катышуу жана өз пикирлерин билдирүү - ар бир жарандын конституциялык укугу. Муну туура түшүнөлү. Бирок, мыйзамды сактоо менен гана. Албетте, провокаторлор дагы жок эмес. Аны эки тарап тең өз кызыкчылыктарын көздөп туруп уюштуруп коюшу мүмкүн. Бул жолку камоолор анык экономикалык кылмыш болуп жатпайбы. Баарына эле 319-берене менен «Коррупция» деген өтө оор айыптар тагылып жатат. Анан кайдагы саясий куугунтуктоолор болмок эле?

- Кумтөрдөн стипендия алгандар дагы жазасыз калбашы керекпи?

- Кумтөрдүн «стипендиясын» алып тайраңдагандар жөнүндө мен дагы көптөн бери угуп келем. Эгерде ал чын болсо, андай наадандарга убал жок. Тергөө менен сот баарын ордуна коюшат деп үмүт этип туралы. Бирок, курулай айып дагы тагылбашы керек. Азыр өзүнүн жердештери же туугандары уюштурган митингдердин заманы өттү.

Тескерисинче, ошол айып тагылган өздүк делинген адамына зыяндары тийип калуулары ыктымал. Элдин калың көпчүлүгү кылдаттык менен байкай баштады. Адилетсиздик же жең ичинен макулдашуулар болоор замат ошол ишке барган тараптар оңбой калышат го? Эл эми андай шылуундарды катуу жазалап коёт. Мен буга катуу ишенем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости