www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Баш мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин 80 депутаты болгондуктан эл менен чогуу баарыбыз жоопкерчиликте болобуз”, - деди бүгүн, 16-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Президент Садыр Жапаров "Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот" деди. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү ошондой жоопкерчиликти алалабы?

- Саясий кырдаал ошондой болуп кетти. Албетте, Конституциялык Кеңештин дагы жоопкерчилиги бар. Баш мыйзамдын авторлору Жогорку Кеңештин 80 депутаты болгондуктан, эл менен чогуу баарыбыз жоопкерчиликте болобуз.

- Президенттин саясий куугунтук болбойт, Кыргызстан демократиялуу мамлекет бойдон калат дегенине ынансак болобу?

- Саясий куугунтук болбойт деген президенттин сөзүнө ишенели. Баардык эле жерден айып таба берип жаман адатка чыланып алдык. Жакшы ниеттер менен жашайлы. 

- Айрымдар Садыр Жапаров 20 тез жардамга алданып калды деп КППларды ачууга макулдук бергенин чыккынчылык катары да карагандар чыгып жатат. Буга эмне дейсиз? 

- Жакшы мамилеге жакшылык менен эле жооп бергенди үйрөнөлүчү? Президент Мирзиёев бизге чын ыкласы менен жардам берип, кол сунуп жатат. Анын артынан болбогон ушактарды тараткандын өзү өтө уят иш! Бул кошуначылык мамилеге доо кетирет! Этият бололу. Тез жардам машинелерин Өзбекстан өзү жасап жатыптыр. Андан көрө биз дагы өндүрүш ишин оң жолго коюуга умтулалы!

- Каныбек агай, Унгар-Тоо Өзбекстанга өтүп кетти беле? Ал тоо Кыргызстандыкы болсо, аны кантип Өзбекстан кийлигишпей турган кылып чечиптир дегендер чыга баштады го?

- Унгар-Тоо биздики экендиги эки президент тарабынан тең баса белгиленди. Болгону эле өзбек тарап ал тоого эч кандай дооматы жок экендигин расмий билгизди. Дагы да болсо чагымчылар тынч албай жатышат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости