www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жергиликтүү бийликтердин ыйгарым укуктарын кеңейтпесек, аким менен айыл-өкмөттөрү паракор, зыянкеч жана өлкөгө каршы иштеген чиновниктерге жалдырап, акчасы менен «коробкаларын» көтөрүп сандалып жүрө беришет!», - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, акимдерди ротациялоо ыкмасы оң жыйынтык береби? Анткени, бул демилгени бири колдосо, экинчиси сындап, акимдер жаңы которулуп барган жерге көнүп, элдин тилин тапкыча убакытты өткөрүп жиберишет деген түрдүү пикирлер айтылып жатат го?

- Кадрларды ротациялап пайдалануу - бул бүткүл дүйнөлүк эле ыкма. Мунун эч кандай деле жаңылыгы жок. Жакшылап ойлонулган кадр тандоо болсо ал өзүнүн оң натыйжасын сөзсүз берет. Өтө эле тууганпуруш кыргыз үчүн мындан өткөн эффективдүү жол жок.

Мурдагы президенттер бул маселе боюнча ойду-тоону сүйлөп жүрүшүп, бир дагы конкреттүү чечимдерге келишкен эмес. Эң акыркысы ротация деп, Ош менен Ысык-Көлдүн губернаторлорун алмаштырып коюп, ошону менен тынчып калган.

Анткени, чыныгы кадрдык саясатты жүргүзүү менен, анык таза саясат орнотууга алардын дити барчу эмес. Өзүлөрүнүн коррупциялык иштерине тоскоол болуп калат болчу да! Себеби эле ушул. Эми президент Садыр Жапаров бул багытта чечкиндүү кадамдарга бара алды. Мунусу дурус. Эл колдоп жатат.

Бирок, маселе дагы эле кадрлардын кандай жол менен тандап алынышында болуп жатпайбы? Мени түйшөлткөн бир суроо турат. Ошол ротацияланган акимдердин басымдуу көпчүлүгү кечээ эле толгон-токой жаңжалдар менен дайындалышкан эле го? Кээ бирөөлөрү, акча же тааныш-билиш менен кызматка келишкен.

Баары эмес, албетте. Бирок бараандуу көпчүлүгү. Эми ошолор өз райондорунан башка аймактарга аким болуп кетишти. Барып алып эле этек-жеңдерин жайып жиберишип, жергиликтүү калктын ичинен тууган таап алып, эски адаттарына түшүп алышпайбы? «Кыргыз сураша келсе баары тууган болуп чыгат!» - деген көр пендечилигибизди дагы унутпайлы.

Ошондуктан, кептин баары ошол барган акимдин абийиринде болуусу зарыл. Президенттик администрация муну көз жаздымынан калтырбоосу абзел. Жаңы аким барган жеринде кадр маселесине так жана адилет мамиле кылууга милдеттүү!

Экинчиден, борбордук министрликтер өздөрүнүн райондук өкүлдөрүн аким менен кеңешип гана дайындоосу керек делинген тезиске баш ийип беришеби? Менин күмөнүм бар! Муну дагы Министрлер кабинети катуу көзөмөлгө алуусу керек!

Үчүнчүдөн, акимдин өзүнүн бюджети жок. Финансылык туткадан айрылган. Бирок, акыркы тажрыйбалар көрсөткөндөй, кээ бир акимдер анысы жок эле өзүнүн кайратын, кесипкөйлүгүн жана дымагын көрсөтүп райондун айыл өкмөттөрүн былк эттирбей башкарып келишти. Бирок, андай акимдер бири-экин эле экен, тилекке каршы. Калгандары лента кесип, аш-тойлордун ардактуу коноктору эле болуп жүрүшөт.

Андайлардан кандай арылуу керек. Бир эле жолу бар - аларды ырайымсыз түрдө жумуштан айдоо зарыл. Болгону 44 акимдик орун бар. Ар бирин микроскоп менен карап, тандап алууга кудуретибиз кантип жетпесин?

Өлкөнүн, бала-чакабыздын келечектери үчүн биз бул катуу кадамдарга сөзсүз баруубуз абзел. Акыркы сунушум, эми ушул ротация менен эле токтоп калбай тезинен аймактык-админстрациялык реформаларды иш жүзүнө ашыруубуз максатка ылайыктуу.

Анткени, жергиликтүү бийликтердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү бизге аба менен суудай керек болуп турат. Андай кылбасак, аким менен айыл-өкмөттөрү Бишкектин оозун карап, борбордо жатып алган ар түрдүү калибрдеги паракор, зыянкеч жана өлкөгө каршы иштеген чиновниктерге жалдырап, акчасы менен «коробкаларын» көтөрүп сандалып жүрө беришет!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости