www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлагандай, 27-майда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн 80дей автоунаа кезекте турат.
Мекеменин маалыматына ылайык, мындай узун тыгын экономика жанданып оор жүк ташыган автоунаалардын көбөйүшүнө дагы байланыштуу. Негизинен Кыргызстандан коңшу мамлекетке, андан ары КМШ өлкөлөрүнө жана Европага жашылча-жемиш ташылып жатат.
Чек ара кызматы Казакстандын жана эпидемиологиялык абалы туруктуу дагы 33 мамлекеттин жарандарына, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын кыргыз тарапка өтүүсүнө эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны жок.
Булак: NazarNews.kg