www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешине Кыргызстан элдик демократиялык партиясын (КЭДП) баштап барган Илим Карыпбеков калаанын мурдагы мэри Азиз Суракматовду үй камагына чыгарууну суранды.

Ал бүгүн, 27-майда ушундай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге Facebook баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасады.

Суракматов партиянын штаб башчысы катары ишмердигин улантып келатканын билдирген Карыпбеков штаб башчынын камакта отурушу партиянын кийинки кадамдарына таасир этиши мүмкүндүгүн белгиледи.

«КЭДПнын кийинки шайлоого катышуусуна же катышпай калуусуна, курамынын өзгөрүшүнө саясий боёк, басым таасир этти деген ойдо калбашыбыз керек», – деген Карыпбеков экс мэр өзүнүн актыгын мыйзам чегинде далилдей ала турганын айтты.

Эске салсак, Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып 26-майда кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости