www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда Баткен облусуна иш сапарынын алкагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына барды.

Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, ошондой эле турак-жай имараттарынын жана билим берүү объектилеринин курулушу, атап айтканда, 100 орунга эсептелген 2 кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты, деп билдирди президенттин баса сөз кызматы.

Президент жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен баарлашууда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди. Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Мамлекет башчысы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы көңүл буруларын баса белгиледи. Ал бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз жана керектүү колдоосуз калбастыгына ишендирип өттү.

Ошондой эле Садыр Жапаров гуманитардык жардамдарды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгын кошумчалады.

Баарлашуу учурунда жергиликтүү тургундар өткөн окуяларда жабыркагандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү тууралуу жана жеке мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүштү. Алар бийликтин чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча кылып жаткан аракеттерин колдой тургандыктарын билдиришти.

Жергиликтүү эл мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого жана өлкөнүн ар тарабынан гуманитардык жардам берген кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиришти.

Жолугушуунун соңунда президент тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жолугушууда айтылган маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле бардык объектилерди мерчемделген убакытта калыбына келтирип, куруп бүткөрүүнү талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости