www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевди көргөндө кимдердин итиркейи келет?

«Центеррадан» валюталык курс боюнча  2 млрд 720 млн сомду кечип ийген «боорукердиги» менен даңкы чыккан Аида Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы боюнча иши менен сотто иши салаңдап турат. Ал эми «вор» Батукаевди бошотууда активдүү башкы прокурор болсо да, жалаанаын барын Атамбаевге түртө салып, суудан таза чыккан.

Улутташтырылбай калган «Альфа Телекомго» кимдер улутунат?

 "Альфа Телеком" акционердик коомунун аркасында «Чубактын кунундай чубалган» окуялар болуп келатат. Эң башында ал Орусиянын экс-байланыш министри Леонид Реймандын жакындары контролдогон "БимоКом" ЖЧКсынын карап турган. Албетте, «Мегакомдо» Акаевдин үй-бүлөсүнүн да өз кызыкчылыгы болгон, бирок 2ОО5-жылдын мартындагы бийлик алмашуудан соң бийлик тарабынан кысымга алынган. Алексей Елисеевдин оффшордук компаниясы болгон Forntek Enterprises Ltd «БимоКом» ЖЧКсынын 49 пайызын өзүнө Гонконгдо каттатып алган соң бул компанияга болгон көз артуулар тараган.

2ОО9-жылы «БимоКом» ЖЧКсынын ээлери орусиялыктар менен Алексей Елисеевдин ортосунда болгон чыр-чатак анын бул компанияны толук ээлеп алуусуна мүмкүндүк берет. Жаңы кожоюндун ар түрдүү айла-амалдарынан соң «БимоКом» атайын банкротко учурайт да, анын негизги базасын "Альфа Телеком" сатып алат. Бул операцияны Алексей Елисеев так эсептеп жүргүзгөн да, "Альфа Телекомдун" акцияларын эки офшордук компанияга өткөргөн. Алардын бири  Белиздеги  Southfield Management Inc. (99%), ал эми экинчиси– Жаңы Зеландиядагы Vesatel Unitedке (1%) катталган. Бул экөө тең Алексей Елисеевге тиешелүү болгон.

Бирок,  2010 жылы апрелде болгон бийлик алмаштыруу  Алексей Елисеевдин бул оюнунун ашмалтайын чыгарган. Бийликтин алмашышы менен  "БимоКомдун" мурунку ээлери Реймандын эмиссарлары пайда болуп, Алексей Елисеевди ачык «кидать» этишип, Убактылуу Өкмөт менен  "Мегакомдун" 49 пайыз акциясын улутташтыруу чечимине келишкен. Чарбачылык кылуу үчүн Реймандын кишилери отурган. Калган 51% акциясы  Алексей Елисеевдин Southfield Management Inc. жана Vesatel United компаниясынын ээлигинде калган. Эмне үчүн  "Альфа Телеком" компаниясынын 51 пайызы улутташтырылган эмес? Чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн, азыркы болуп жаткан интригалардын негизи түйүнү мына ушул жерде жатат. Анткени Рейман «Мегакомго» тиешелүү  бардык активдерди кайра «БиМоКомго» алуу үчүн ушул жолго түшкөн. Ал үчүн учурунда Алексей Елисеев бул компанияга жалгыз ээлик кылуу үчүн орусиялык партнерлорун «кидать» этип,  жанталашып мыйзамдаштырган сот чечимдерин жокко чыгаруу зарыл эле. Алексей Елисеевдин  "Альфа Телеком" компаниясы үчүн башын чагалдак аттырып иштеп, финансылык  кетирген кемчиликтери үчүн соттолгон Роза Рыкунова бир нече ирет орусиялыктар кыргыз атка минерлерин сатып алуу үчүн 5 миллион АКШ долларын сатып алгандыгы тууралуу билдирген. Мейли ал соттолгон аялдын сөзүнө ким ишенсин бирок айтылуу саясатчы учурунда «Ата-Мекен» партиясынан парламентке депутат болгон Өмүрбек Абдрахманов өзүнүн ал кездеги кожоюну орусиялыктардан  миллион доллар алганы тууралуу  айтканы ошол кезге айкаш болуп жаткандай. Ал кезде анын кожоюну бир гана партиянын лидери эмес, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары катары коопсуздук органдары менен сотко таасири чоң болгон. Кээ бир «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн айткандарына таянган Абдрахманов өз айткандарынанан кайра тартпай бекемдегенине караганда анын учурундагы жетекчилери ал жактан миллион доллар алышып партиянын чыгымдарына жумшаган. Бирок мындай ири суммадагы акча демөөрчүлүк жардам катары жөнөтүлбөсүн түшүнгөн киши жакшы билет, балким ушул акчаларды «өлгөн иттин жыты саңырсып» турбасын? Балким ошол берилген акчалардан улам «Альфа Телеком» компаниясынын 51 пайызы улутташтырылган эместир? Орусиялыктар ошол 51 пайызды өздөрү ээлеп алыш үчүн ошол мезгилде «Альфа Телеком» толук 1ОО пайыз улутташтырылбай калгандыр?

«Гейт» кыргыздын сөзү эмес, бирок басма бетинде чапталып келатат

«Гейт» -деген сөз эмнеге чапталганы белгисиз, бирок эмне болсо да «гейт» деген чет мамлекеттин сөзүн көтөрө чаап чыга калабыз. Чындыгы «гейттин» көп мааниси бар ошолордун бири «маалыматтагы чуулгандуу окуялар»: «Моникагейт», «Матрешкагейт»,  «Чемирчкегейт»,«Эшекгейт», «Белизгейт». Алгач катуу  чыккан «Матрешкагейттин» оң каарманы Өмүрбек Текебаев болсо, сол каарманы бакиевчилердин арасында чарк айланып, «Матрешкагейттин» айынан 2007-жылдын 26-январында Башкы прокурорду алган Камбаралы Конгантиев да турган. Анда Камбаралы Ташболотовичтин кол алдында иштеп такшалган шакирти Аида Жеңишбековнанын  юрист катары Текебаевди коргогонуна ким ишенет. Демек, «Матрешкагейт» учурунда Аида Салянова Текебаевге каршы позицияда туруп, ага «кара пиар» сүйкөгөндөрдүн арасында жымыйып турган. 2ОО8 –жылы анын бийликти карап муңканганы ишке жакшы ашып, Юстиция министрлигине статс-катчы болуп көтөрүлөт.

2010-жылы бийлик алмашар менен кечээ эле мурунку бийликтин кызматын жанталашып жасап жаткан Салянова 18О градус тескери бурулуп, эми Убактылуу Өкмөттүн ишин бет тырмарлык кылып жасай баштаган. Өмүрбек Текебаев менен Данияр Нарынбаев даярдап, 2016-жылы көп талкуудан кийин оңдоого дуушар болгон Конституцияда да кыз-Салянованын тумшугу салаңдап көрүнүп турат. Ошол мезгилде 2010-жылы июлда лидерлердин бары шайлоого аттанып Эмилбек Каптагаев башында турган өкмөткө убактылуулар келет. Анын арасында Эмилбек Каптагаевдин курсташы Эмилбек Үмөталиев экономика министри болуп кирсе, 32 миллион долларды кечип ийген «боорукердиги» менен даңкы чыккан Аида Салянова Каптагаевдин жакын туугандыгы, Текебаевдин кызматын аткарып жүргөндүгү үчүн Юстиция министрине келет.  

2011 –жылдын 14 –апрелинде  «Генпрокуроргейт» болот. «Мегаком» боюнча чуулгандуу окуялардан соң Кубат Байболов Башкы прокурорлуктан кетип, ордуна Өмүрбек Текебаевдин «сүймөнчүлүгүнө» айланган Аида Салянова калкып чыгат. Мына ушундан баштап таң калычтуу иштер башталат.  2012 – жылдын майында  Southfield Management Inc.  компаниясынын 51%  менен бирге улутташтырылган "Альфа Телекомдун" 49% акциясы "шведдердин  "Телиа Сонера" компаниясына сатыла турган болот. Эгер бул акциялар сатыла турган болсо, Алексей Елисеев жана анын кызыкчылыгын 2О1О-жылдын апрелинен баштап  коргогон тарап 170 млн АКШ долларынан кем эмес акчага туйтунушмак. Алексей Елисеевдин  компаниясынын 51% ушундай наркка бааланган. Алексей Елисеев менен өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койгондор 2О12-жылдын апрелинде  декларациялык траст түзүшкөн. Алексей Елисеев эгер оффшордук компаниясын сата турган болсо анын кызыкчылыгын коргогон тарап анын 51 пайыз үлүшүнүн 22 пайызын алышмак.  Мына сага бийлик үчүн күрөшкөн адамдардын көз жашы.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости