www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин уулу Чыңгызды кепке тартып, кайчы пикир жаратып жаткан жагдайлар боюнча сүйлөштүк.

--Чыңгыз, атаңызды камагандан бери жарытылуу деле тергөө болбогонун айттыңыз эле. Бирок, андан көп өтпөй УКМК билдирүү таратып, тергөө болуп жатканын маалымдашты го?

--УКМК биздин койгон дооматтарыбызга  жооп бериптир. Бирок, мен алардын сөзүнөн  койгон дооматыбызга жооп таба алган жокмун. Эгер алар чындыкты айтып, биз бурмалап жатсак, анда ачык жазышпайбы мындай фактылар бар. Ошон үчүн кармап жатабыз деп. Алар  агрессивдүү митингчилерди четтен карап турду деп ынанбай турган нерсени айтып жатышат. Чынында ошончо адамды башкарыш оңой эмес да. Айрыкча кимдир бирөөлөр дайындаган провокаторлор атама баш иймек беле. Чынында менин атам модераторлук милдетин аткарып бүтүп, микрофону өткөрүп берип үйгө кеткенден кийин провокаторлор чыр чыгарып, анан митингди ызы-чуу менен таркатышыптыр. Эгер УКМК чын айтып, мен жалган айтсам  3-майдагы сотто атам судьяга кайрылып,  “бир да тергөөгө чакырышкан жок, бул саясий заказ экени көрүнүп турат, тергөө кыла турган эч нерсе жок”- деп айтпайт эле да.

--Баса, “Садыр Жапаров жана анын жакындары 2-март 2020-жылы митинг  өткөрбөсүн деп суранышкан. Бирок, Каныбек Осмоналиев өзүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп,  митингди уюштурган”-деген да маалымат тарады го?

--Мына ушундай маалыматтарды камтыган УКМКнын  билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Анткени, 2-мартта боло турган митинг Садыр Жапаровдун жакын туугандары жана укук  коргоо органдары, Бишкек Мэриясы менен макулдашылган. Аны башка күнгө жылдыруу сунушталган эмес. Атам ал митингди уюштурууга демилгечи болгон эмес, ал модератор гана болгон. Аны ишке  ашырууда эч кандай өзүмчүл максатты көздөгөн эмес. Бирок, ага карабай атамды камакка алып, оор берене менен иш козгоп же тергөө жүргүзбөй жөн эле кармап отурушат. Жөн эле отурганы үчүн “адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган жерде 70 күндөн бери суроо-сопкуту жок отурам” деп президентке кайрылуу жазды да. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости