www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Интернетке чыга калып, жеңил ойлуу пикирлерди жаза коймой адатка айланды», - деди бүгүн, 19-августта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай. Жетим-тоого чекит коюлдубу?
- Президенттин акыркы кайрылуусу убагында болду. Анткени ошол «Жетим-Тоо» боюнча коомубуз 2-3 кө бөлүнүп алышып, өз-ара аёосуз согушка" батып кетишпедиби. Бул өтө опурталдуу көрүнүш. Мамлекеттик денгээлдеги экономикалык долбоолор бүгүнкү күндө абдан татаалдашып кетти. Дүйнө жүзү боюнча ушундай. Анын көп жактуу өзгөчөлүктөрү болот. Аны өлкөнүн бир нече жооптуу институттары тыкыр изилдеп чыгып гана, анан ишке киришүүгө жол ачат.
Мындай долбоорлорго ондогон-жүздөгөн адисттер тартылат. Анан түшүнүп-түшүнбөй эле интернетке чыга калып, жеңил ойлуу пикирлерди жаза коймой адатка айланды. Албетте, ар бир адамдын сөз эркиндиги бар. Бирок, өлкөбүздүн стабилдүүлүгү, ар-намысы деген ыйык түшүнүктөрдү эмне кылабыз?
Коңшу мамлекеттерди карагылачы! Кимисинде бизге окшогон ээнбаштык пикирлер жайылып жүрөт? Аларда тартип-тарбия катуу.
Ошондуктан, дүркүрөп өнүгө башташты. Эми биз дагы мурда болбуп көрбөгөндөй болуп, бир муштумга түйүлүшүбүз абзел! Андан көрө, улуттук идеология менен улуттук тилибиздин көйгөйлөрүнө көңүл буруп, жапа тырмак киришпейлиби? Келгиле мектептин башталгыч класстарын жалаң гана кыргыз тилинде окуталы деген демилгени көтөрөлү.
«Жетим-Тоо» маселесин кандай чечүү жолдлорун президент Конституциянын кепили катары өзүнүн кайрылуусунда так айтып бериптир. Мындан өөн издеп отуруунун кереги жок!
Булак: NazarNews.kg