www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баарыбыз ынтымакка келип чогуу аракет кылалы!», - деди бүгүн, 9-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, эмнеге быйыл айыл чарбага жылдагыдан башкача, өзгөчө көңүл бурула баштады?

- Анткени, биз азык-түлүк боюнча биротоло эле импорттон көз каранды болуп алганбыз. Өзүбүз эле өндүрө турган түшүмдөрдү сырттан кымбат бааларга сатып алып кокуй болуп жүрдүк. Анан пандемия көрсөттү. Анысы аз келгенсип Орусия-Украина-НАТО таймаштары абалыбызды ого бетер оорлотту. Ошондуктан, өз күчүбүзгө гана ишенип, айыл-чарбаны тезинен колго алуубуз абзел.

- Орусияга кирген санкциялар бизге кандай таасир берет? Кыргыз өкмөтү буга кандай чара көргөнү жатат? Кризис келсе ар бир кыргызстандык эмне кылышы керек?

- Эл аралык санкциялар бизге дагы өз таасирин бере баштады. Баалар көтөрүлдү. Сом девальвацияга кетип бара жатат. Министрлер кабинети антикризистик программаны сунуш кылып жатат. Азыр баарыбыз ынтымакка келип чогуу аракет кылалы! Бизди Жараткан катуу сынап кирди!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости