www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура Өзгөндүн мэрине айып такты

Өзгөн шаарынын мэри К.Н.Т. 2015-жылы мыйзамсыз токтомдорду кабыл алып, Сарахсий, Борбордук, Жаңы-Өзгөн, 32Д жана Гузар кварталдарында жалпы аянты 9038,5 чарчы метрди түзгөн жер тилкелерин 22 жаранга берип жибергендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тактап айтканда, Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлгөн. Тергөөнүн жыйынтыгында К.Н.Т.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иши райондук сотко жөнөтүлгөн. Учурда кылмыш иши сотто каралууда.

«Ал эми райондук прокуратура тарабынан мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн сотторго доо арыздар келтирилди», - деп билдирди Башкы прокуратура. Өзгөн шаарынын мэри — Каримов Нодирбек Тохтосинович. Ал 2013-2015-жылдары Өзгөндүн мэри болчу. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Өткөн жылы кайрадан Өзгөндүн мэри кызматын ээлеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости