www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31 жыл дегенибиз кылым карыткан кыргыз эли үчүн аз көрүнгөнү менен, дээрлик, бир кылымдын үчтөн бири. Учкан куштай өткөн бул убакытта өлкөбүздүн жетишкен ийгиликтерин да кемчиликтерин да туура кабыл алып, мындан аркы кадамдар кандай болоруна көбүрөөк ой чайкашыбыз керек. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев билдирди.

"Эгемендик күнүбүз тууралуу эки ооз кеп... 

Кылым кезген кыргыз эли улуулугу, намыскөйлүгү, доско да, тууганга да, керек болсо душманына да берген сөзүнө бекем, каккан казыктай туруктуулугу менен дүйнө элинен кескин айырмаланып турганы талашсыз. Ал эми жоокерчилик заманда башынан өткөргөн кыйынчылыктары менен азап-тозогу, кайгы-муңу, жондон баскан жокчулук менен ачарчылыкка карабай, элдин бүтүндүгү, биримдиги, улуттун уңгусун урпактарга көздүн карегиндей сактап, өткөрүп келген ата-бабаларыбыздын эбегейсиз эмгегин барктабай коюуга эч кимибиздин акыбыз жок...

Эми Эгемендик тууралуу айтсак, адегенде эле биз сыймыктанчу нерсе өз алдыбызча эркин, эгемен мамлекеттердин катарына кошулуп, Бириккен Улуттар Уюмуна кирип, желегибиздин БУУда желбиреп турушу – эч нерсеге тең келбей турган  сыймык. Болбосо 40-50 млн. калкы бар улуттар мамлекети жок ар кайсы мамлекеттин этегине эрмешип күн өткөрүп жатышат. Мына ушул – баа жеткис байлык. Маселе дал ушундай байлыгыбызды көздүн карегиндей сактап, аны өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууда турат. Ал эми мамлекеттин бүтүндүгү жана келечеги анын тили менен ажырагыс тыгыз байланышта, улутту тилсиз элестетүү мүмкүн эмес.

Жакында эле Министрлер Кабинетинин демилгеси менен  Кыргыз Республикасында жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдай турган маанилүү фактор катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыздаган натыйжалуу тил саясатын калыптандыруу, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары толук жана кеңири колдонууну камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, эгемендик майрамына утурлай келген  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланды.

31 жыл дегенибиз кылым карыткан кыргыз эли үчүн аз көрүнгөнү менен, дээрлик, бир кылымдын үчтөн бири. Учкан куштай өткөн бул убакытта өлкөбүздүн жетишкен ийгиликтерин да кемчиликтерин да туура кабыл алып, мындан аркы кадамдар кандай болоруна көбүрөөк ой чайкашыбыз керек. Анткени мекен үчүн кан-жанын аябаган патриот инсандарыбыздан да уучубуз кур эмес. Андыктан эми да болсо бүбүлдөгөн үмүттүн жарыгын эш тутуп, мамлекетибиздин ирденип, өнүгүп-өсүшүнө ошондой эле эне тилибизди “отоо” аралабай таза бойдон муундан муунга өтүшүнө, улуттук каада-наркыбыздын бурмаланбай урпактарга татыктуу жетишине эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар. Демек, өткөндөн сабак алып, келечекке ишенимдүү кадам таштаганда гана алга жылуу, гүлдөп-өнүгүү болот...

Элибизге бакыттын нуру жаап, Эгемендик майрамыңыздар кут болсун урматтуу мекендештер!", - дейт Осмоналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости