www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдардагы мамлекеттик башкаруу системасына көз чаптырганда, саясий аренада Каныбек Туманбаевдин карааны көзгө урунду. Буга анын сөздөн көрө натыйжага басым жасаган башкаруу стили, өзгөдөн өзгөчөлөнтүп мамлекеттик деңгээлдеги фигурага айлантты.

Чынында Каныбек мырза Президенттин Иш башкаруучусу катары уюштуруучулук жөндөмү, ыкчам чечим кабыл ала билген чечкиндүүлүгү жана чоң көлөмдөгү иштерди белгиленген мөөнөттө ишке ашыра алган менеджерлик сапаты менен айырмаланды.

Муну акыркы ири долбоорлордон даана байкоого болот. Буга «Бишкек Арена» сыяктуу масштабдуу инфраструктуралык объекттин курулушу ачык мисал десек жарашат. Мындай долбоорду кынтыксыз бүтүрүү үчүн, каржылоо, подрядчылар, логистика, инфраструктура, коопсуздук, техникалык талаптар жана мамлекеттик органдардын өз ара координациясы сыяктуу ондогон багытты бир убакта башкаруу талап кылынат. Туманбаев мунун баарын сапаттуу жасай алды. 

Мындан тышкары, Кыргызстан үчүн эл аралык деңгээлдеги жоопкерчилиги чоң иш-чараларды өткөрүүдө уюштуруучулук потенциалын өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Алсак, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чаралар мамлекеттик органдардын, шаардык инфраструктуранын жана уюштуруу топторунун тыгыз иштешин камсыздоо багыттагы жумушчу топту Туманбаев жетектегени, анын координациялык ролун саясий ишмер катары жогорку даражага көтөрдү. 

Ошондой эле, анын экономикалык ой жүгүртүүсү да өзүнчө белгилөөгө татыйт. Президенттин Иш башкармалыгынын иши бүгүнкү күндө протоколдук же чарбалык милдеттер менен гана чектелбейт. Ири объекттерди башкаруу, мамлекеттик активдерди натыйжалуу пайдалануу, ишкерлерди тартуу жана инфраструктураны экономикалык киреше берүүчү өндүрүшкө айлантуу, мунун баары экономикалык эсепти жана рыноктук логиканы түшүнүүнү талап кылат. Туманбаевдин «Бишкек Аренадагы» коммерциялык мүмкүнчүлүктөргө, анын ичинде соода жайларын ишкерлерге сунуштоого көңүл бурушу ушундай практикалык мамиленин белгисин түшүндүрөт.
 
Саясий жактан алганда, Туманбаевдин эң маанилүү артыкчылыгы катары президент Садыр Жапаровдун командасында кандай иш болсун, тез, натыйжалуу  аткарууга жөндөмдүү, ишенимдүү жандооч фигура катары жоопкерчиликти көтөрө билгенин айтсак ашыкча болбойт. 

Ток этерин айтканда, Каныбек мырзанын мамлекеттик масштабдагы долбоорлорду координациялоо, ресурстарды башкаруу, экономикалык маселелерди түшүнүү жана ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн эске алганда, келечекте мамлекеттик башкаруунун жогорку деңгээлиндеги милдеттерди көтөрө ала турган такшалган даяр кадр деп саноого болот.

Андыктан, Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына барса деле ишти камчы салдырбай алып кетет деп ишенсе болот. Албетте, өкмөт башчысы болуу оңой жүк эмес. Эгер Туманбаевдин потенциалы туура пайдаланылса, келечекте президенттик командадагы оперативдүү менеджерден өлкөнүн жалпы башкаруу системасындагы жооптуу жетекчинин милдетин аркалай алары күмөн жаратпайт.

Последние новости