www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канышай Мамыркулова президентке кайрылуу жасады

Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова президент Садыр Жапаровго Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. 

"Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго кайрылуу.

“Бейиш эненин таман” астында деген.

Ар бир кыз келечектеги эне.

Эне кордолгон коомдун келечеги жок. Кыргызстанда акыркы күндөрү кыз-келиндер кордолгон окуялардын көптүгүнө сан жетпей калды. Мындай абалда өлкө башчысы катары, жалпы энелердин алдында сиз баш болуп, кечирим сурай турган жердесиздер. Бул сөздү башкача айтууга мүмкүн эмес. “Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты” деп акын эжебиз жазгандай, өлкөнүн бардык аялзаты сиз баш болгон эр-азаматтарга кайрылбаганда кимге кайрылат? Сиз баш болгон аталардан колдоо күтпөгөндө кимден күтөт?

Кыргызстан укуктук өлкө экендигине карабай, кыз-келиндерди кордогон эки буттуу айбандарга мыйзам чегинен ашып, керек болсо элдик жаза колдонуу бүгүнкү күндүн муктаждыгы болуп турат.

Башка маселе бир тең. Кылымдарды карыткан кыргыз үчүн бул маселе бир тең болууга тийиш.

Эл алдында, эркек аттууларга “эне ыйык, энелерге кол тийгизбегиле, кордобогула, баарыбызда кыз бар” деп чакырык жасаңыз. энелер, эл атасы катары жок дегенде таянычты сезели", - деп жазган журналист өз кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости