www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сасыган саясат минтип сакалдуулардын шагын сындырып, мага окшогон "эл бузаарларды" ашынтып коёт. Мындай пикирди журналист Канышай Мамыркулова социалдык баракчасына жазды.
--"Каныбек Осмоналиев агай улуу муундун абдан мыкты өкүлү. Буга чейин агайдын көп "даканса" пикирлерин окуп, жашын, кыргыз элине, билим тармагына жасаган эмгегин сыйлап, каяша жазбайын деп чечкем. Туура эле болгон экен. Пикир, коом, мезгил өзгөрөт. Агай ишенчээктигинен улам, көп нерсени жүрөгүнө жакын алып, ушул күндөрдө капа болуп турган учуру. Айрым кары-жаш, керек болсо агайдын тырмагына тең келбегендер дагы ар нерсени жазып, агайдын көңүлү ооруп турат. Пендечилик саясатта, кадимки турмушта, айтор бардык жерде орун алаарын, кызмат үчүн гана эмес, улгайып калган мезгилде "өлкөнүн идеологиясына салым кошоюн" деп айрымдар айткан "жарыбаган жаман кызмат" үчүн жашын, тажрыйбасын, убактысын, мээсин коротуп алганына өкүнүп турат.
Учурунда биз дагы Садыр Жапаров абакта жатканда колдоп, митингге катышып, оң-тескери сүйлөдүк. Ал деле күндүн бир бүктөмүндө калды. Сасыган саясат минтип сакалдуулардын шагын сындырып, мага окшогон "эл бузаарларды" ашынтып коёт...
Агайды таарынтып, таба кылып, зарылдыгы жок. Биз баарыбыз "бир кемедебиз"...
Оозубуздан түшпөгөн отуз жылда бийликке келген пенделер ичип-жеп, аферист, акмак болушпаса бүгүнкүдөй чала бийлик куралмак эмес. Каныбек Осмоналиев сыяктуу илим менен билимдин өкүлдөрү, айрыкча сакалдуу мууну сыйдын үстүндө гана болуп, тажрыйбасын берип, жаштарды таптамак. Көп аксакалдар "акшакал" атка конмок эмес. Мигранттардын мууну өсүп, бир топтору "даканса" атка конуп, абам сыяктууларды этектеп, эл менен урушмак эмес. Мунун баарына коом күнөөлүү деш кыйын. Кимди күнөөлөй турганыңды так кесе айтуу дагы бир жактуудай", - дейт журналист.
Булак: NazarNews.kg