www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында Кыргызстандык акушер төрөттү кабыл алуу учурунда наристенин башын кесип алган жана апасын өлтүрүп ала жаздаган. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып жатат.

Маалыматка ылайык 52 жаштагы Кыргызстандык Калбүбү айымдын лицензиясы жок экендигине карабай, гинеколог-акушер кызматын аркалаган. Ал медицина тармагында Кыргызстандан ЖОЖду бүткөндүгүн айтып, врач-гинеколог катары жашыруун төрөттөрдү (аборд) кабыл алып жүргөн.

Жабырлануучу материалдык тартыштыктан улам боюндагы баласын алдырып коймок болуп ооруканага барганда, убактысы 2- жумадан ашып кеткендиктен дарыгерлер кабыл албай коюшкан. Ал 3 баланын энеси болгон.

Төрөттү кабыл алууга врач-анестезиолог болуп эркек киши катышкан. Ал бейтаптын абалы оорлошо баштаган кезде, тез жардам чакырууга каршылык көрсөтүп, башка батирге көчүрүп өтүүгө жардам берген. Андан соң экөолөп дарыгер чакырып, бейтаптын боюнан түшүп калды деп айтышкан.

Акушер аборд учурунда маанилүү органдарды тешип өткөндүктөн бейтаптын ичинен катуу кан агуу болгон. Операциянын жүрүшүндө хирургдар түйүлдүктүн башын аялдын ич көңдөйүнөн табышкан. Ошондой болсо да бейтапты куткарып калышкан.

Сотто айыпталуучу Калбүбү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Сот аны 2 жыл эркинен ажыратып, 2 жыл бул тармакта иштөөсүнө тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости