www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтада 7 жашар кыз ачкалыктан улам каза болду

Кара-Балтада 7 жаштагы кыз аз тамактануудан улам арыктап каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашева билдирди.

Анын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшкөн.

"Кыз чарчоо жана суусуздануу менен дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Анын абалы өтө оор болчу. Дарыгерлердин айтымында, кыздын атасы балдарды карабайт, апасы Россияда", - деди башкы дарыгер.

Ал кыз жети жашта экенине карабай салмагы 12 кг гана болгонун белгиледи. "Биздин дарыгерлер колунан келгенин жасашты, бирок кыз 15-январь күнү эрте менен каза болуп калды", - деди ал.

Последние новости