www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде аткарылган ишке караганда, жасалма пиар, курулай кооз сөздөр көп. Томуктай нерсени тоодой кылып көрсөткөнгө шыктуубуз. Чоңдорубуз эл көзүнө топурак чачып көнүп алышкан. 

Өлкө башчыбыздан тартып, Өкмөт башчы, министрлерге чейин курсак тойгузбаган куру кыйкырыкты жакшы көрүшөт. Алыс, барбай бир жагдайга токтолуп көрөлү. Торпоктун чуркаганы саманканага чейин экени айгине болот. 

Жай башында кабинет министрлигинин төрагасы Акылбек Жапаров, орун басарлары Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов баш болгон жоон топ аткаминерлер 
"Кыргыз темир жолу" бир вагонду реконструкция кылып, кооздоп жасап койгонун илимий ачылыш катары сыпатташып, Бишкектен Балыкчыга чейин саякат кылышып, боорду эзишкен. Ал вагонду "Кыргыз темир жолу" укмуштуудай өнүгүп, кирешелер агылып кирип жаткандай "визитка" катары көрсөтүп, бери жагы бир ай мактанышкан. Бир айтып бир койбой, пиар кылбаган мамлекеттик маалымат каражаттары калган эмес. 

Жыйынтыгында "Кыргыз темир жолу" ишканасына жүргүзгүлгөн аудиттин натыйжасында 1 миллиард 227 миллион сомдун дайны чыкпай калды. Мына өнүгүү! Бир вагон менен миллиарддарды сиңирип кеткен эптүүлүктү ким көрүптүр?

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости