www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кара-Балта шаарында жаңы санитардык катуу тиричилик калдыктары полигонун куруу боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Жыйналыш министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиевдин катышуусунда өтүп, ага жергиликтүү бийлик органдарынын, АРИСтин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышышты.
Маалыматка ылайык, жалпы баасы 4 миллион АКШ долларын түзгөн долбоор Жапониянын JFJCM гранттык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында «Фукуока» технологиясынын негизинде заманбап экологиялык жана санитардык талаптарга жооп берген пилоттук полигон куруу пландалууда.
Кеңешменин жүрүшүндө жер тилкесин тандоо, муниципалитеттер аралык кызматташтык механизмдери жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо маселелери талкууланды.
Министрлик долбоорду координациялоого жана ишке ашыруу процессин коштоп турууга даяр экенин билдирди.
Жеңиш Сейдалиев белгилегендей, Кара-Балта шаарына заманбап жана коопсуз полигон зарыл болуп саналат.
Бул демилге шаар жана ага жакын аймактардын экологиялык абалын жакшыртууга жана тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.