www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШнын өлкөгө карата кысымы дагы деле уланып жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Вашингтон Кубаны негизги муктаждыктарын камсыздоодон ажыратууга багытталган саясат жүргүзүп келет. Бул аракеттер киреше булактарына, каржы системасына жана күйүүчү май ташуу тармагына басым жасоо аркылуу ишке ашырылып жатканын айтты.
«Бизди жеңе албагандыктан, АКШнын кысымы күчөп жатат. Алар согуш шартында эч бир өлкө жашай албайт деп эсептешет. Бирок биздин каршылык көрсөтүп жатканыбыз аларды таң калтырууда», — деди Диас-Канель.
Мындан мурда Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы киргизген жаңы чектөөлөрдү сынга алып, аны “кылмыш” деп атаган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жакында Кубанын беш уюмуна санкция киргизилгенин жарыялаган. Вашингтондун айтымында, бул ишканалар Кубага киреше алып келет. Чектөөлөр Кастро үй-бүлөсүнүн алыскы туугандарынын бирине да тиешелүү болгон.
АКШ Кубага каршы экономикалык эмбаргону 60 жылдан ашык убакыттан бери сактап келет. Куба бийлиги болсо бул санкцияларды өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктардын негизги себеби деп эсептеп, алардын толук жоюлушун көп жылдан бери талап кылып келет.