www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызкөмүр” ишканасы Кара-Кече кенинен Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташыган айдоочуларды көмүр кесимине кезексиз өткөргөн күзөт кызматкерлери боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, кезек күтүү тартип жана коопсуздук үчүн орчундуу маселе болуп эсептелет, бирок, ошого карабастан 15-февралга караган түнү иштеген беш күзөтчү 25 автомашинаны “билип туруп кезексиз өткөрүп жиберген”:

“Себеби көмүр ташыган айдоочулар ал жакта суткалап күтүшөт. Бирок, айта кетсек, буга чейин айдоочулар айлап күткөн учурлар катталган болсо, азыр үч-төрт күн күтүшөт. Кээде кезек күтүүнүн айынан ич ара пикир келишпестик, чыр-чатак чыгып кетет. Ошондой көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн чара көрүлүүдө”.

Күзөт кызматкерлеринин күнөөсү далилденсе аларга чара көрүлөрү, зарыл болсо иштен алынары айтылды.

Бишкек ЖЭБи Казакстандын жана Нарындагы Кара-Кече кенинин көмүрү менен камсыздалат. Кара-Кечеден көмүрдү ЖЭБ менен келишим негизинде иштешкен жеке ишканалардын айдоочулары ташышат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости