www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө ысымдын ээси Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 59 жаштагы тургуну Апипа Жолдошова. Аны менен  басылмасынын жергиликтүү бюасылманын кабарчысы маектешти.

Апипа Жолдошова 1963-жылы Базар-Коргон районунун Жаңы-Бадам айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып, 1986-жылы бүтүргөн. Учурда Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдалдар бөлүмүндө радио-телефонист болуп иштейт. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын энеси.

Өзүнүн айтымында, ысымын уккандардын көбү үчүнчү ирет айтканда туура айтып, кайра анын маанисин сурап калган учурлар көп кездешет.

«Менин ысымымды атам койгон. Атам Масиркул көп жылдар бою математика мугалими болуп эмгектенген. Бирок эмне себептен ушундай ысым койгонун сурабай калыптырмын. Азыр дагы тааныштар, окуучулары атам мыкты мугалим экенин айтып калышат.

Ысымымды уккандар татарча, түркчө ат экенин айтышат. Апипа ак ниеттүү деген маанини түшүндүрөт. Алгач атымды айтканда Абиба же Анипа деп уккандар да бар. Мурда айлыкты тизме менен алып жүргөн кезде Анипа деп жазып коюшуп, кайра оңдоп жаздырып, убара болор элем. Анткени пенсияга чыкканда көйгөй жаратпасын деген ой келчү. Тааныбагандар Абиба деп айтып калат. «Андай эмес, менин атым Апипа» деп күлүп, оңдоп калам. Кээ бирлер Апипа деп жазып жатып, «атыңыз оң жагынан да, сол жагынан да окуганда бирдей окулат экен» деп калышат. Ушул күнгө чейин атымды бир да адам жаңы укканда туура айткан жок. Атымды бир айтканда туура айткан адамды жолуктура элекмин. Сөзсүз бир аздан соң кайталап сурашат», - деди Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости