www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Исхак Масалиев шашып жазган "постуна" өкүндү. Ага кошумча Дубайдагы чайлашкан президенттер тууралуу пикирин айтты.

--Бираз шашып мурунку постту жазыптырмын... Караса Дубайда 6 киши бири-бирин эле кечириптир. Каалаганча кечире беришсин, өздөрүнүн иши. Бирок...  Кумтөрдү кайтаруу мезгилде Акылбек мырза айтпадыбы? Мурдагы президенттер ошол алтындан үлүш ("доля") алышкан!,- деп. Өлкөнү талкалап, мамлекеттик мүлктү сатып, миллиондон ашык жарандарыбыз четке кетирген ким?

Аксыдагы атылган жарандарыбыз үчүн, 2010-жылы апрелде каза тапкан балдар үчүн, июнь окуясында 500 ашык жарандарыбыздын өлүмү үчүн, кыргыз тажик согушта 100 жакын балдарыбыз атылып кеткен үчүн КИМ ЖООП БЕРЕТ? Муну эмне кылабыз? Бир нерсеге макулмун, бирок кызматкерлерди, жакшы адисттерди мурунку президенттерге байлабай иштетсек...  Балким өз башы менен ойлонгонду үйрөнүшөт.

Ынтымак керек, турган иш. Бирок ал жалаң "чондорду" кечирүү эмес...

Эске сала кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров КРнын мурдагы президенттери менен жолукканын билдирген.

Президенттин маалымат катчы Эрбол Султанбаев "Фейсбуктагы" баракчасына аталган жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкандыгын жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости