www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда орун алган жаратылыш апаатында кыргыз жараны Мадина Бактачиева дагы курман болгон. Анын сөөгү Кыргызстанга алынып келинип, кичи мекенинде жерге берилген.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, анын жалгыз уулу бар, учурда 11-класста окуйт. Мадина Москвада төрт жылдай иштеп, ал жактан Түркияга кеткен. Жалгыз баласына үй алып берем деп иштеп жүргөн. Биринчи турмушунан ажырашкандан кийин кайра турмуш курган эмес. Анын көксөөсү, аткарылбай кеткен максаты жалгыз баласына үй алып берүү болгон. 

Мадина Бактачиева 1986-жылы Өзгөрүш айылында төрөлүп, ушул жерде чоңоюп, Өзгөрүш мектебинде билим алган.

Азыркы учурда Түркияда каза болгондордун саны 41 миңден ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости