www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин КМКнын Учүнчү башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери автотранспорт каражатын айдап качууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан белгисиз адамдар үйдүн жанында токтоп турган жергиликтүү тургундун ак түстөгү “Субару Легаси” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткен. 

Кийинчерээк бул автоунаа Грузиядан келгени жана анда транзиттик номурдун белгилери бар экендиги аныкталган. Автоунааны укукка каршы ээлеп алуунун натыйжасында автоунаанын ээсине 586 миң сомдук зыян келтирилген       

Аталган факты КЖБРге катталып, Кара-Көл ШИИБи Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин   206-беренеси “Автомототранспорт  каражаттарын айдап качуу” боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. Бул кылмыш ишин жасоого шектелген жаран, Жалал-Абад облусунун тургуну 1994-жылы туулган Т.Н. ошол эле жылдын декабрь айында издөөгө алынган.

Издөөгө алынган жарандын кайда жүргөндүгүн тактоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларына  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери киришкен. Жакында тыкыр иликтөөнүн натыйжасында шектүүнүн кайда жүргөндүгү аныкталды.

2021-жылдын 15-февраль күнү ИИМдин КМКнын Учунчу башкармалыгынын кызматкерлери Т.Н. аттуу жаранды  Көк-Жар конушундагы Шоокум көчөсүнөн кармашты. Азыркы учурда кармалган жаран Кара-Көл ШИИБге жеткирилди.

Учурда унаа табыла элек. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жаран Т.Н. укукка каршы аракеттерди жасаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости