www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССР убагында курулушу аяктабай же болбосо такыр эле каралбай калган объектилер чачтан көп. Андай объектилердин бири Кара-Көл шаарында союз убагында курулган кудук.

Анын тереңдиги 8 метрге чамалап калат. Эми ошол кудукта кырсык катталып отурат. Тагыраагы 9-ноябрь, түнкү саат 01:30дар чамасында 18 жаштагы кыз ал кудукка түшүп кетип каза болду. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Көргөн-билгендердин айтымында, ошол түнү ал жерге 4 адам барып, маркум дааратканага барам деп жолдон чалынып, кудуктун ичине кирип кеткен. Анын жанындагылар кызды куткарып калууга жетишпей калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости