www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Кара-Кулжа районунда рейддик иш-чара өткөрүштү.
Рейд учурунда Кара-Дарыя дарыясынын жээгинен эки жаран кум-шагыл аралашмасын тиешелүү уруксатсыз казып алып жатканы аныкталды.
Мыйзам бузууга жол берген жарандардын ар бирине Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 13 миң сомдон, жалпы 26 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, инспекторлор жарандарга жер казынасын пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоо, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Министрлик жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол берилбей турганын эскертип, мыйзам талаптарын сактоого чакырат. Мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча рейддик жана көзөмөл иш-чаралары улантылат.