www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кулжада сел агызып кеткен үй-бүлөнүн башчысы Рыспек Арстанкулов ИИМдин күзөт кызматында иштеп келген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

36 жаштагы милиционер, 34 жаштагы жубайы, 12 жана 4 жаштагы уулу жана 8 жаштагы кызы менен бирге набыт болду.

Бир кызын Рыспек Арстанкулов жээкке жеткирүүгө үлгүргөн. Унаадагы калган балдарын сактоо үчүн барганда өзү дагы селга агып кеткен.

Райондук милиция маркум кесиптешинин 4 жашар баласынын сөөгүн издөө иштерине жардам берүүдө.

Последние новости